top of page
КУРГАК УЧУКТУ АНЫКТООНУН КАНДАЙ ЫКМАЛАРЫ БАР?
КУ СИМПТОМДОРУ ПАЙДА БОЛГОН УЧУРДА КАЙДА КАЙРЫЛУУ КЕРЕК?
КУРГАК УЧУКТУ АНЫКТООГО ТЕКШЕРИЛҮҮ КАНЧА ТУРАТ?
КЫРГЫЗСТАНДА КУРГАК УЧУКТУ АНЫКТОО

Кургак учукту аныктоо үчүн көптөгөн өлкөлөр ушул кезге чейин какырыктын сүртүндүсүнө микроскопия жүргүзүү деп аталган көптөн бери колдонулган ыкмага таянышат. Атайын даярдалган лаборанттар какырыктын сүртүндүсүн кургак учук бактерияларын табуу максатында микроскоп астында изилдешет. Микроскопия кургак учук учурларынын болгону жарымын аныктоого мүмкүнчүлүк берет жана дарыга туруктуулукту аныктоого мүмкүнчүлүк бербейт.  

Xpert MTB/RIF экспресс-тестин пайдалануу БДСУ колдонууну сунуштаган 2010-жылдан тарта кеңири жайылтылууда. Тесттин жардамы менен бир эле учурда кургак учук жана кургак учукка каршы өтө маанилүү дары каражаты рифампицинге туруктуулук аныкталат. Диагноз эки сааттын ичинде коюлушу мүмкүн, ушул тапта бул тест БДСУ тарабынан кургак учуктун белгилери жана симптомдору бар бардык адамдар үчүн баштапкы диагностикалык тест катары сунушталат.

Балдардагы кургак учукту аныктоо өзгөчө татаал жана алардагы ооруну аныктоого жардам берүүчү кеңири жеткилиткүү тест азырынча Xpert MTB/RIF болуп саналат.

КЫРГЫЗСТАНДА КУРГАК УЧУКТУ АНЫКТООНУН КАНДАЙ ЫКМАЛАРЫ БАР?

Кыргызстанда кургак учукту аныктоонун бардык заманбап ыкмалары бар.

Өлкөнүн бардык аймактарында КУну аныктоонун төмөнкүдөй ыкмалары жеткиликтүү:

·     какырыктын же патологиялык материалдын микроскопиясы

·     флюорография/рентгенография

·     туберкулин диагностикасы

·     диагностиканын эң жаңы экспресс ыкмасы – Xpert

КУ СИМПТОМДОРУ ПАЙДА БОЛГОН УЧУРДА КАЙДА КАЙРЫЛУУ КЕРЕК?

Эгерде кургак учуктун симптомдору пайда болсо жашаган жери боюнча жакын жердеги медициналык мекемеге кайрылуу керек:

  • ФАП – фельдшердик-акушердик пункт

  • ҮДТ – үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу

  • ҮМБ – үй-бүлөлүк медицина борбору

КУРГАК УЧУКТУ АНЫКТООГО ТЕКШЕРИЛҮҮ КАНЧА ТУРАТ?

Бейтап кургак учукту аныктоо үчүн какырыктын анализин, кургак учук микобактериясынын кургак учукка каршы препараттарга сезгичтигин Xpert, Хайн-тест, изилдөөнүн культуралык ыкмалары (MGIT, L-I) жана өпкөнүн рентгенографиясы сыяктуу экспресс ыкмалар менен аныктоого тест тапшырууга тийиш.  Рентгенографиядан башка бардык анализдер акысыз.

bottom of page