Кургак учукту аныктоону жакшыртуу боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматкерлерине жана тар адистерге сунуштар:
Бейтаптар биринчи караганда маанилүү эместей көрүнгөн симптомдор менен келишет. Бирок, аларда төмөнкү белгилер бар болсо, кургак учукту аныктоо маселесин эске алууну сунуштайбыз.
Негизги белгилер:
-
Жөтөл, өзгөчө 2-3 жумадан ашык созулса.
-
Какырыктын чыгышы, айрыкча кан аралаш болсо.
-
Бир ай же андан көп убакытка созулган чарчоо жана алсыздык.
-
Энтигүү.
-
Дене табынын 37 градуска же андан жогору көтөрүлүшү, өзгөчө ысытма узакка созулса.
-
Түнкүсүн тердөөнүн көбөйүшү/ жаздыктын ным болуусу.
-
Арыктоо.
-
Аппетиттин төмөндөшү.
Кургак учукту аныктоо кадамдары:
А. БМСЖ медициналык кызматкерлери жана тар адистерде кабыл алуу:
Бардык бейтаптардан жөтөлдүн жана кургак учуктун башка симптомдору бар экендиги жөнүндө, өзгөчө тамеки чегүү, кант диабети, алкоголдук көз карандылык жана башкалар сыяктуу тобокелдик факторлору бар бейтаптарды алдын ала сурап билүү маанилүү.
Кургак учукка шектелген бейтап (симптомдор боюнча) терапевт/жалпы практикалык дарыгерге жөнөтүлүшү керек.
Саламаттыкты сактоо тармагынын адиси катары сиз көптөгөн ооруларга, анын ичинде кургак учукка каршы күрөштүн биринчи линиясысыз. Эгерде бейтап сизге адиске катары кайрылган болсо, бирок анамнезди чогултуу учурунда же текшерүү учурунда сиз кургак учукка мүнөздүү симптомдорду аныктасаңыз, анда терапевтке/жалпы практикалык дарыгерге жолдомо жазуу керек.
Б. Текшерүүлөр:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) амбулаториялык клиникалардын врачтарына бардык бейтаптардан жөтөлдүн бар экендиги жөнүндө алдын ала суроону сунуштайт. Эгерде бейтапта жөтөл бар болсо, бирок кургак учуктун башка белгилери (мисалы, дене табынын көтөрүлүшү, түнкү тердөө же арыктоо) жок болсо да, аны какырыкты текшерүүгө жөнөтүү керек.
Терапевт/жалпы практикалык дарыгер
Сиздин ролуңуз өтө маанилүү. Бейтаптарды алардын белгилери жөнүндө ачык айтууга үндөңүз жана аларды кунт коюп угуңуз.
Сиз бейтапты деталдуу текшерүүдөн өткөрүп, анамнез чогултасыз.
Кургак учукка шек болсо, төмөнкү анализдерди тапшырууга жөнөтүңүз:
-
Манту пробасы (балдар үчүн).
-
Рентген/флюорография.
-
Какырыкты анализдөө. 2 жолу.
-
GeneXpert изилдөөсүнө материал тапшыруу.
Эгерде жыйынтыктар кургак учук оорусун тастыктаса, бейтапты фтизиатрга жөнөтүңүз.
Эсиңизде болсун, сиз бейтаптарга өз өмүрүн сактап калууга жана кургак учуктун жайылышын алдын алууга жардам берип жатасыз.
Жалпы сунуштар:
-
Оорулуулар менен ачык баарлашып туруңуз жана алар менен кургак учукта аягына чейин дарылануу маанилүү экендигин талкуулаңыз.
-
Профилактикалык текшерүүнү жана байланышта болгон адамдарды үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүүнү кубаттоо.
-
Кургак учук жана оору менен байланышкан стигманы жеңүү жолдору боюнча бейтаптардын маалымдуулугун жана билимин өнүктүрүү.
Эсиңизде болсун, сиздин кургак учуктун симптомдорго жана аны өз убагында аныктоого көңүл бурууңуз адамдарга ооруну жеңүүгө жана Кыргыз Республикасында кургак учуктун жүгүн азайтууга жардам берет.