top of page
Search

БУУӨПтүн ВИЧ жана кургак учук боюнча долбоору Минск шаарындагы медицина кызматкерлеринин потенциалы

Баткен жана Жалал-Абад облустарынын алыскы райондорундагы дарыгерлер Минск шаарында (Беларус Республикасы) өткөрүлгөн окутуу тренингине катышты. Алардын тренингге катышуусуна БУУӨПтүн “ВИЧке жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл” долбоору колдоо көрсөттү.

Тренингди 2023-жылдын 10-июлунан 14-июлуна чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмундагы өнөктөштөр уюштурушкан.


Кургак учукту жана анын дарыга туруктуу формаларын дарылоонун кыска режимдерин пландоо, киргизүү жана мониторинг жүргүзүү окутуунун негизги максаты болгон. Тренинг Кыргызстандын алыскы аймактарындагы кургак учукка каршы кызматтын дарыгерлерине башкалардын тажрыйбалары менен таанышууга, кургак учукту дарылоонун кыска режимдеринин жаңы практикалары, кургак учуктун дарыга туруктуу формалары менен ооруган бейтаптарга мониторинг жүргүзүү системасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берди.

5 views0 comments

Comments


bottom of page