top of page
Search

2023-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында Чүй облусунун баштапкы медициналык-санитардык жардамынын медициналык кызматкерлери үчүн кургак учук менен ооруган адамдарды видео көзөмөл аркылуу дарылоону жүргүзүү боюнча интенсивдүү тренинг өттү.


Видео көзөмөл аркылуу дарылоо заманбап медицинанын келечектүү багыттарынын бири болуп саналат жана кургак учук менен күрөшүүдө олуттуу колдоо көрсөтүүдө. Дарыгерлер бейтаптардын дарыларды ичкен процессин түздөн-түз байкап тура алышат, бул болсо оорулуу ичиши керек болгон дарыны унутуп калат деген тобокелдикти азайтууда. Бейтаптар дары-дармек алуу үчүн күн сайын медициналык мекемеге барбай калышат, бул болсо медициналык кызматкерлердин гана эмес, бейтаптардын да убактысын жана ресурстарын үнөмдөйт.

БУУӨПтүн “ВИЧке жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл” долбоору кургак учукту дарылоодо жаңы жана заманбап ыкмаларды киргизүүгө жардам берүүдө жана медицина кызматкерлери үчүн мындай тренингдерди үзгүлтүксүз өткөрүп турат.

6 views0 comments

Comments


bottom of page