top of page
Search

2023-жылдын 3-июлунан 8-июлуна чейин Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору өлкөнүн түндүк аймактарындагы кургак учук кызматынын медициналык айымдары үчүн тренинг уюштурду.

Тренинг “Бейтаптар мектеби” форматында өттү, ал эми анын модулдарын РДЧБнын кызматкерлери даярдашкан.


Модулдарды даярдоодо жана окутуу иш-чараларынын сериясын уюштурууда БУУӨПтүн “ВИЧке жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл” долбоору техникалык жана финансылык колдоо көрсөттү. Бул иш-чаралар жалпы өлкө боюнча өткөрүлөт.


“Бейтаптар мектебинин” модулдары сыяктуу эле программа да кургак учуктун дарыга туруктуу формасы менен ооруган бейтаптарга кам көрүү маселелерине багытталган. “Бейтаптар мектеби” медициналык кызматкерлерди жана бейтаптарды гана эмес, кургак учук менен ооруган адамдардын туугандарын, ошондой эле медициналык мекемелердин администрациясын да бириктирет.

Биздин негизги максатыбыз – кургак учуктун алдын алуу жана анын кайталанышын болтурбоо.

3 views0 comments

Comments


bottom of page