Кыргызстанда кургак учукка каршы дары-дармектер кургак учук менен ооругандарга бекер берилет. Бул үчүн амбулатордук негизде дарыланып жаткан пациент жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборуна дайындалышы керек. Ал жерде ал акысыз медициналык кызматтардын пакетин алууга укуктуу.
Кургак учук менен ооруган бейтап акысыз жашаган жериндеги Үй-бүлөлүк медицина борборунан ала турган акысыз медициналык кызматтар.
-
Фтизиатр тарабынан дайындалган кургак учукка каршы дары-дармектер
-
Керек болсо медициналык процедуралар менен дарыгерлерди кабыл алуу жана кеңеш берүү
-
Медициналык инъекциялар венага, булчуңга жана тери астына
-
Адистин жолдомосу менен негизги лабораториялык жана диагностикалык тесттер
-
кандын жалпы анализи
-
жалпы заара анализи жана заара чөкмөсүнүн микроскопиясы
-
уретрия мазагынын микроскопиясы
-
кындын мазагынын микроскопиясы
-
какырыкты анализдөө (мазок микроскопиясы)
-
кандагы кантты аныктоо
-
заарадагы кантты аныктоо
-
кандагы холестеролду аныктоо
-
электрокардиограмма
-
флюорография
-
Эгерде райондук ҮМБда мамлекеттик каражатка сатылып алынган рентген жабдыктары болсо, рентген акысыз жүргүзүлөт.