top of page
БЦЖ ЭМДӨӨСҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?
КУРГАК УЧУКТУ ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ДАРЫЛОО
КУРГАК УЧУКТУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН ТЕКШЕРИЛҮҮ КЕРЕКПИ?
КУРГАК УЧУКТУН АЛДЫН АЛУУ

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КУРГАК УЧУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАР

Буга чейин Кыргызстанда кургак учукту аныктоо тобокелчилик топторунда Xpert-MTB/Rif, Хайн-test, флюорографиялык изилдөө сыяктуу дарт аныктоонун экспресс ыкмалары менен ишке ашырылып келген. Бала бакчаларда жана мектептерде балдарга Манту пробасын жасашат.

БЦЖ иммунопрофилактикасын, ошондой эле кургак учук менен жабыркаган адамдар менен байланышта болгон адамдар үчүн латенттик кургак учук инфекциясын профилактикалык (алдын ала) дарылоону бөлүп кароого болот.

БЦЖ ЭМДӨӨСҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?

БЦЖ — 2020-жылга карата кургак учукка каршы жалгыз жеткиликтүү вакцина. Ал буканын жасалма чөйрөдө өстүрүлгөн алсыздандырылган тирүү кургак учук таякчасынын штаммынан даярдалган. Мындай бактериялар адамдар үчүн дээрлик активдүүлүгүн жоготушкан. БЦЖ оорунун жугуусунан эмес, жашыруун инфекциянын ачык ооруга өтүшүнөн коргойт. Вакцина дарттын оор формалары: кургак учук менингити, муун жана сөөктөрдүн жабыркоосунан, өпкөгө оорунун коркунучтуу формаларынын жугуусуна бөгөт коюуга жардам берет.

БЦЖ ошондой эле балдар арасында ооруга чалдыгуунун пайызын кыйла азайтууга жана кургак учуктун өлүм менен аякташына жол бербөөгө жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ата-энелерге бул эмдөөдөн чочулоонун кереги жок, анткени андан кийинки оордошуулардын болушу өтө сейрек. Инъекция жасалган жерге кам көрүүдө эч кандай убаракерчилик жок.

КУРГАК УЧУКТУ ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ДАРЫЛОО

Активдүү кургак учуктун өнүгүүсүнүн жогорку тобокелчилик тобуна кирген латенттик кургак учук менен жабыркаган адамдар, тактап айтканда АИВ-жуктуруп алгандар жана кургак учук менен ооруган адамдар менен байланышта турган беш жашка чейинки балдар ушул оорунун өнүгүүсүнө бөгөт коюу максатында изониазид менен 6 айлык дарылоо курсунан өтө алышат. Ушул тапта БДСУ өтө кыска курстарды (1-3 ай) жана профилактикалык курстун жаңы режимдерин сунуштап жатат. Мындай профилактикалык дарылоону көп учурда изониазид менен превентивдүү дарылоо (ИПД) деп аташат. Мындан тышкары АИВ-жуктуруп алган адамдарга профилактикалык дарылоо катары  котримоксазол дары каражатын дайындашат, ал бейтаптарда  антиретровирустук терапия (АРВ) иммундук системасынын калыбына келүүсүнө жардам бергенге чейин пневмония жана башка инфекциялардын өнүгүүсүнө бөгөт коет.

Текшерүү жана химиопрофилактика акысыз жүргүзүлөт.

КУРГАК УЧУКТУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН ТЕКШЕРИЛҮҮ КЕРЕКПИ?

БДСУнун заманбап сунуштамаларына ылайык, кургак учуктан жабыркаган адамдар менен байланышта болгондорго жана АИВ менен жашаган адамдарга скрининг жасалат.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин учурдагы иштеп жаткан ченемдик-директивдик документтерине ылайык, флюорографиялык текшерүүдөн өтүүгө кургак учуктун тобокелчилик факторлорун алып жүргөн калктын топтору жана адамдар киришет, анын ичинде төмөнкү абалдар:

  • Бронхиалдык астма

  • Тамеки чегүү

  • Мурда КУдан дарылануу

  • Кургак учуктан жабыркаган адам менен байланышта болуу

  • Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу

  • Кант диабети

  • Алкоголду ашыкча пайдалануу

  • Медициналык кызматкер

  • АИВ-инфекциясы

  • Иммунодепрессанттар менен дарылоо

  • Кортикостероиддер менен узакка дарылануу

  • Баңгизат пайдалануу

  • Абактагылар же пенитенциардык мекемелердин кызматкерлери

  • Туруктуу жашаган жери жок адамдар

ЭГЕРДЕ ҮЙДӨ КУРГАК УЧУК МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАП БАР БОЛСОЧУ?

Эгерде үй-бүлөдө кургак учук менен ооруган адам бар болсо, анын өзүнчө бөлмөсү болууга тийиш, эгерде мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, анда өзүнүн бурчу болуусу керек. Керебетин терезеге жакын коюп, аны тосмо менен бөлүү керек. Үй-бүлө мүчөлөрүндө оорунун алдын алуу үчүн бөлмөлөрдү тез-тезден желдетип туруу зарыл. Көзөмөлдөнүүчү табигый желдетүү кургак учуктун микобактериясынын жайылуу тобокелчилигин азайтууга жардам берет.

Бул үчүн бөлмөнүн ичине сырттан аба киргизүү үчүн терезени ачуу керек. “Көзөмөлдөнүүчү” деген сөз, терезелерде тынымсыз желдетүү үчүн аларды ачык кармоого мүмкүнчүлүк бере турган илгичтери бар экендигин түшүндүрөт. Ошондой эле желдеткичтердин жардамы менен дагы желдетүүнү ишке ашырууга болот. Желдеткичтер бөлмөдөгү абаны ачык терезе же эшик аркылуу сыртка үйлөй тургандай багытталышы керек.  ​

Кургак учук менен ооруган адам анын маданиятынан жана тартиптүүлүгүнөн абдан көп нерсе көз каранды экендигин моюнга алууга тийиш. Албетте, бейтап жеке гигиена эрежелерин сактоого тийиш. Кургак учуктун очогунда жашап жаткан үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жана жакындарынын гигиена маселелериндеги сабаттуулугу да чоң мааниге ээ. Бирок оорунун активдүү формасы менен жабыркаган адам жаңы эле уктап турган шейшепти силке турган болсо, кургак учуктун таякчалары абага тарабайт. Ошондуктан аны башка адам жутуп албайт. Эгерде бейтап менен жалпы идиш-аяк, сүлгү, шейшеп жана башка тиричилик буюмдарын пайдалана турган болсо, башка адам кургак учукту жуктуруп албайт. Оору эреже катары кургак учуктун активдүү формасы менен ооруган адамдардан аба аркылуу жугат.​

Бейтапка анын буюмдарын дезинфекциялоого, бөлмөнү тазалоого, какырыкты тазалоого кандай жардам берүү керектиги тууралуу кургак учук менен күрөшүү борборунда же болбосо жашаган жери боюнча ҮДТ же ҮМБда айтышат. Бейтаптын обочолонуусунан келип чыккан психологиялык кыйынчылыкка байланыштуу, бейтапка колдоо көрсөтүү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүү керек.​

ЭҢ БАШКЫСЫ – кургак учукка каршы дары каражаттарын (КУД) үзгүлтүксүз ичүү! Бардык жогоруда саналып өткөн талаптар дарылоонун биринчи айлары үчүн зарыл. Андан ары бейтап КУД ичүүнү калтырбаса тегерегиндеги адамдар үчүн коркунуч туудурбайт.

БАЙЛАНЫШТАГЫ АДАМДАРДА КУРГАК УЧУКТУН АЛДЫН АЛУУ

Эгерде адам кургак учуктан жабыркаган адам менен тез-тез байланышта болсо, ал КУга текшерилүүгө тийиш. Эгерде адам дарыланып жаткан, ал эми кийин дарыланууну ийлигиликтүү жыйынтык менен аяктап, айыккан КУ бейтап менен байланышта болуп турса, анда кайрадан текшерүүдөн өтүүнүн кереги жок. Эгерде бейтап начар дарыланып жатса (дары ичүүнү тез-тезден эле үзгүлтүккө учурата берсе), анда ар бир 3-6 ай сайын текшерүүдөн өтүү керек.

Эгерде иштеги, окуудагы жакын байланыштарда же үйдө КУ аныкталса, анда текшерүүдөн өтүү зарыл. Эгерде толук текшерилүүдөн кийин адамда КУ аныкталбаса, анда дүрбөлөңгө түшүү үчүн себептер жок. Сергек жашоо мүнөзүн (туура тамактануу, эс алуу, спорт менен машыгуу ж.б.) алып жүрүү зарыл. Кургак учукка каршы профилактикалык  терапия АИВ-жуктуруп алган чоң адамга жана кургак учуктун сезгич формаларынан жабыркаган адамдар менен байланышта болгон балдарга дайындалышы мүмкүн. Ошону менен бирге бул терапияны үзгүлтүксүз кабыл алуу керек.

КУРГАК УЧУККА ЧАЛДЫГУУ КОРКУНУЧУН АЗАЙТУУ ҮЧҮН ИММУНИТЕТТИ КАНТИП ЧЫҢДАЙБЫЗ?

  • Жакшы тамактануу

  • Үзгүлтүксүз дене тарбия көнүгүүлөрү жана денени чыңдоо менен алектенүү

  • Суткасына 7-8 сааттан кем эмес уктоо

  • Таза абада көбүрөөк болуу

  • Бөлмөнү тез-тезден желдетүү (2-3 жолудан кем эмес)

  • Зыяндуу адаттардан кутулуу

  • Жакшы маанайда болуу

ЭГЕРДЕ ҮЙДӨ КУРГАК УЧУК МЕНЕН ООРУГАН БЕЙТАП БАР БОЛСОЧУ?
БАЙЛАНЫШТАГЫ АДАМДАРДА КУРГАК УЧУКТУН АЛДЫН АЛУУ
ИММУНИТЕТТИ КАНТИП ЧЫҢДАЙБЫЗ?
bottom of page