top of page
КУРГАК УЧУК БОЮНЧА БАЗАЛЫК МААЛЫМАТ

КУРГАК УЧУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Кургак учук (КУ) – бул кургак учуктун микобактериясы тарабынан пайда болуучу, көбүнчө өпкөнү жабыркатуучу жугуштуу бактериялык оору. Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы мүмкүн.
Кургак учук дүйнөдөгү жугуштуу оорулардан болгон өлүмдүн көрүнүктүү себеби болуп кала берет.
2020-ж., кургак учук менен планетада 10 миллион адам ооруган жана бул оорудан 1,5 миллион адам көз жумган.

КУРГАК УЧУК КАНДАЙЧА ЖУГАТ?

Кургак учук адамдан адамга аба аркылуу жугат. Өпкөнүн кургак учугу менен ооруган адамдар жөтөлгөн, чүчкүргөн же какырган учурда абага кургак учуктун бактерияларын бөлүп чыгарат.

Эгерде кургак учук менен ооруган адамдар бир жылдын ичинде медициналык жардам алууга кайрылышпаса тыгыз байланыштарда башка 10-15ке чейин адамга оору жуктурушу мүмкүн

Кургак учук ЖУКПАЙТ

·         идиш-аяк, тамак-аш, азыктар аркылуу

·         кийим-кече, сүлгү, шейшептер аркылуу

·         кол алышуу аркылуу

·         кайсы гана болбосун буюмдар аркылуу

КУРГАК УЧУКТУН НЕГИЗГИ СИМПТОМДОРУ

Өпкөнүн кургак учугунун кыйла мүнөздүү симптому – 2 жумадан ашуун, адатта какырык менен коштолгон туруктуу жөтөлүү, ал төмөндө саналып өткөн симптомдордун бирөөсү же бир нечеси менен коштолушу мүмкүн:

·         алсыроо

·         дене табынын жогорулашы

·         түнкүсүн тердөө

·         салмагын жоготуу

·         тамакка болгон табиттин азайышы

·         көкүрөктүн оорушу

·         кан түкүрүү

·         энтигүү

Адамда активдүү кургак учук (оору) өнүккөн учурда, симптомдор көрүнүшү мүмкүн, бирок ачык көрүнбөшү дагы жана акырындап көптөгөн айлардын ичинде күчөшү мүмкүн. Бул медициналык жардам алуу үчүн кечигип кайрылууга жана бактериянын башка адамдарга жугуусуна алып келиши ыктымал.

БАЛДАРДАГЫ КУРГАК УЧУКТУН СИМПТОМДОРУ

Чоңдордогудай эле кургак учуктун симптомдору оорунун түрүнөн көз каранды. Адатта балдар өпкөнүн кургак учугу менен оорушат, бирок ошол эле учурда балдар чоңдорго караганда өпкөдөн тышкаркы кургак учуктан көбүрөөк жапа чегишет.​

Өпкөнүн кургак учугу менен ооруган балдарда кыйла таралган симптомдор өнөкөт жөтөл (3 жумадан көп), дене табынын жогорулашы, салмагын жоготуу жана өнүгүүнүн акырындоосу болуп саналат. Эгерде ушул симптомдордун бардыгы бар болсо, анда бул ата-энелерди кооптондурууга тийиш жана токтоосуз түрдө дарыгерге кайрылуу зарыл.​

Балдарда кургак учук адатта алсыроодон башталат, алар салмак кошпой калат, чыргоолоно баштайт. Эгерде бала мектепте окуса, анда ал дени сак балдарга караганда сабактардан көбүрөөк чарчайт, унутчаак болуп жана көбүнчө окуудан артта кала баштайт. Эгерде анын дене табын өлчөй турган болсо, анда анын бир аз жогорулагандыгын байкоого болот (37,5 °Сга чейин, ал эми кээде андан жогору). Мындай балдарда ошондой эле лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу дагы байкалат. Аларды кургак учукка текшергенде оң болуп чыгат.

КУРГАК УЧУКТУН ӨНҮГҮШҮНӨ КАНДАЙ ФАКТОРЛОР ТААСИРИН ТИЙГИЗЕТ?

Балдардын баштапкы жуктуруп алуу жана кургак учукка чалдыгуу тобокелчилигинин факторлору:

  • Кургак учуктун активдүү формалары менен жабыркаган адамдар менен байланыштын болушу;

  • Курагы < 5 жаш;

  • АИВ менен жашаган адамдар

  • Салмактын жетишсиздиги (гипотрофия)

  • Мисалы, кант диабети, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги, өнөкөт же кабылданган иммунологиялык жетишсиздик сыяктуу өнөкөт оорулар менен жабыркаган балдар.

Чоңдордо:

  • Кургак учук менен ооруган, дарыланбаган адам менен бир бөлмөдө болуусу

  • Адамдардын бир бөлмөдө көп болушу

  • Начар тамактануу

  • Аракечтик, тамеки чегүү жана баңгичилик

  • Стресстер жана коштогон оорулардын (диабет, ашказандын жана 12 эли ичегинин жара оорусу, өпкөнүн өнөкөт оорулары, АИВ менен жашаган адамдар) болушу

  • Иммунитеттин төмөндөшү, кортикостероиддик гормондор менен узакка дарылануу

  • Айлана-чөйрөнүн булгануусу

  • Жагымсыз жашоо шарттары жана санитардык эрежелердин бузулушу

КУРГАК УЧУККА КИМДЕР КӨБҮРӨӨК ЧАЛДЫГАТ?

Кургак учук айрыкча чоң адамдарды алардын эң эле жемиштүү жылдарында жабыркатат. Бирок тобокелчиликке бардык курактагы топтор дуушар болушат. Иммундук системасы алсыраган адамдар ооруга чалдыгуу тобокелчилигине көбүрөөк туш келишет.​

АИВ жуктуруп алган адамдарда кургак учуктун активдүү формасынын өнүгүү мүмкүнчүлүгү 20-30 жолуга чейин жогорулайт. Активдүү кургак учуктун өнүгүүсүнүн кыйла жогорку тобокелчилигине ошондой эле иммундук системаны начарлатуучу ден соолуктун башка бузулууларынан жабыркаган адамдар дагы дуушар болушат.​

Тамеки пайдалануу кургак учук оорусунун жана андан болгон өлүм тобокелчилигин кыйла жогорулатат. Дүйнө жүзүндөгү кургак учук оорусунун учурларынын 7,9%ы тамеки чегүүгө байланышкан.​

Кургак учуктун өнүгүү тобокелчилиги жылдардын өтүшү менен жыныстык жактан жетилгенден кийин, өзгөчө аялдарга салыштырмалуу жашоосунун ичинде ооруну жуктуруп алуунун жана анын күчөшүнүн кыйла жогорку тобкокелчилигине дуушар болуучу эркектер арасында жогорулайт.

КУРГАК УЧУКТУН “АЧЫК” ЖАНА “ЖАБЫК” ФОРМАСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Кургак учуктун “жабык” же “ачык” формасы түшүнүгүн эл арасында колдонушат. Кургак учук - айланадагылар үчүн коркунучтуу жугуштуу оору. Медициналык түшүнүктө, жабыркатуу очогу (өпкөнүн бузулушу, бронхтордогу кургак учук) орун алган кургак учуктун формасы ачык форма деп эсептелет. Мындай формада адам айланасындагылар үчүн жугуштуу болуп эсептелет, анткени кургак учук менен ооруган бейтаптын какырыгынан кургак учуктун микобактериялары табылат.​

Кургак учуктун жабык формасында какырыктан микобактериялар аныкталбайт. Кургак учукка чалдыккан адамдар айланадагылар үчүн коркунуч туудурбайт же болбосо жугуштуу эмес. Эгерде бейтап кургак учукка каршы дары-дармектерди ичип жаткан болсо, ал башкаларга жуктурушу мүмкүн эмес. Ал эми ал дарыланбаса, кайсы бир даражада тегерегиндегилер үчүн коркунуч орун алат. Мындай учурда дарыгер түшүндүрмө берүүгө тийиш. Жабык формада Кох таякчасы алып жүрүүчүнүн же ооруган адамдын ткандарында жашайт жана тышкы чөйрөгө чыкпайт. Дарыгер рентгенден изилдөө аркылуу кургак учук диагнозун коёт. Кургак учук өнүгө баштаганда бейтапта анын жабык формасы болушу мүмкүн. Эгерде ал дарыланууну өз учурунда баштабаса, анда жабык форма процесстин күчөшүнөн улам ачык формага өтүшү ыктымал.​

Оорунун ачык формасы менен жабыркаган бейтап туура дарыланган учурда какырыктын анализдеринен кургак учуктун микобактериялары аныкталбайт. Химиотерапиянын эффективдүү режими башталгандан кийин бактериологиялык жүктөм тез эле төмөндөйт жана бир нече күндүн ичинде (14 күнгө чейин) бейтап жугуштуу болбойт калат. Эгерде бейтап дарыланууну токтотуп койсо, кургак учуктун жабык формасы ачык формага өтөт.

ДАРЫГА ТУРУКТУУ КУРГАК УЧУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Кургак учукту пайда кылуучу бактерияда ооруну дарылоо үчүн колдонулуучу микробго каршы препараттарга карата туруктуулук өнүгүшү мүмкүн. Микробго каршы препараттарды талаптагыдай колдонбоо же эффективдүү эмес дары формаларын пайдалануу, ошондой эле дарыланууну убактысынан эрте токтотуп коюу дарыга туруктуулуктун өнүгүүсүнө алып келиши ыктымал.

Ар кандай деңгээлдеги туруктуулуктагы КУнун дарыга туруктуу формаларын жуктуруп алуу толугу менен дары-дармектерге сезгич келген штаммдардай эле өтөт.

Дарыга туруктуу кургак учукту дарылоонун узактыгы 6 айды (КДТ КУ – көп дарыга туруктуу КУ формалары болгондо) жана 9-20 ай (КДТ/КДТ – КУ – көп сандаган/кеңири дарыга туруктуу КУ формалары).​

Көп дарыга туруктуу кургак учук – бул бери дегенде кургак учукка каршы эң эле күчтүү дарылар изониазид жана рифампицинге таасирленбеген КУ. Кеңири дарыга туруктуу кургак учук андан дагы азыраак сандагы дары каражаттарына таасирленүүчү кургак учуктун формасы болуп саналат.

Дарыга туруктуулукту бактериялардын дары каражаттарына сезгичтигин текшерүүчү же туруктуулук моделдерин аныктоочу атайын лабораториялык тесттерди пайдалануу аркылуу аныктоого болот.

КУРГАК УЧУКТУН ЛАТЕНТТИК ФОРМАСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Дүйнө жүзүнүн үчтөн бир бөлүгүнө жакыны кургак учуктун (КУ) бактериясын алып жүрөт. Жуктуруп алгандардын басымдуу көпчүлүгүндө кургак учуктун белгилери же симптомдору жок, алар оору жугузушпайт. Алардын иммунитети кургак учук таякчаларынын көбөйүүсүн кармап турат. Бирок бул адамдарда кургак учуктун активдүү (жугуштуу) формасынын өнүгүү тобокелчилиги бар. Ошол эле учурда кургак учук латенттик кургак учук инфекциясы менен жабыркаган адамдардын 5-10%да гана өөрчүйт, мында алардын ичинен көпчүлүгүндө баштапкы оору жуктуруп алган учурдан тарта биринчи беш жылдын ичинде өнүгөт. Жуктуруп алгандан кийин кургак учуктун өнүгүү тобокелчилиги бир нече факторлордон көз каранды, алардын ичинен көбүрөөк мааниге ээ болгону адамдын иммунитетинин абалы болуп саналат. Бул тобокелчиликке профилактикалык дарылоо жолу менен бөгөт коюуга болот.

КУРГАК УЧУК КАЙСЫ ОРГАН ЖАНА ТКАНДАРДЫ ЖАБЫРКАТАТ?

Кургак учук таякчасы бардык органдарды жана системаларды: өпкө, сөөк-муун системасын, заара-жыныс тутумун, борбордук нерв системасын, лимфа түйүндөрүн, тери ж.б. жабыркатат. Көп учурда кургак учук дем алуу (башкысы өпкө жана бронхтор) жана заара-жыныс тутумунун органдарын жабыркатат. Кургак учуктун сөөк-муун формаларында омуртканын жана жамбаш сөөктөрүнүн жабыркоосу өтө көп кездешет. Мындан улам кургак учуктун эки негизги түрүн айырмалашат: өпкөнүн кургак учугу жана өпкөдөн тышкары кургак учук.

Кыргызстанда башка органдарда кургак учуктун кездешүү жыштыгы 2019-жылы 20%ды түзгөн.​

 

Симптомы внелегочного туберкулеза зависят от поражения органов и систем:

·         Туберкулез мочеполовой системы может проявиться как пиелонефрит (лихорадка, боль в пояснице, выделение гноя с мочой). Инфекция обычно поражает мочевой пузырь, а у мужчин – простату, семенные канальцы или придатки яичка, вызывая увеличение массы. Инфекция может распространиться в околопочечное пространство вниз к поясничной мышце, иногда вызывая абсцесс на передней части бедра.​

·         Сальпингоофорит может проявиться после менархе (время наступления первой менструации), когда фаллопиевы трубы богаты сосудами. Симптомы включают хроническую боль в тазовой области и бесплодие, внематочную беременность из-за рубцов на трубах.​

·         ТБ менингит часто возникает при отсутствии инфекции в легких из других внелёгочных очагов. В любом возрасте менингит самая тяжелая форма туберкулеза и имеет высокую смертность. Это – одна из форм туберкулеза, которая, как полагают, предотвращается в детстве прививкой БЦЖ. Симптомы – небольшая лихорадка, постоянная головная боль, тошнота и сонливость, которая может прогрессировать до оцепенения и комы, сонливость или ступорозное состояние.​

·         ТБ лимфаденит как правило, вовлекает лимфатические узлы задней части шеи и надключичных цепочек. Проявлением первичной легочной болезни является увеличение лимфатических узлов средостения. В запущенных случаях узлы могут стать воспаленными и чувствительными, покрывающая их кожа может травмироваться в результате выделения содержимого свища.​

·         Туберкулез костей и суставов обычно поражает суставы, опорно-двигательный аппарат, кости запястья, руки, предплечья и плеча могут быть также затронуты, особенно после травмы.​

·         Болезнь Потта – это спинальная инфекция, которая начинается в теле позвонка и часто распространяется к смежным позвонкам, вызывая сужение дискового пространства между ними. Если не лечить, позвонки могут разрушаться с вовлечением в процесс спинного мозга. Симптомы включают нарастающую или постоянную боль в пораженных костях, а также хронический или подострый артрит.При болезни Потта сдавливание спинного мозга приводит к неврологическим патологиям, включая параплегию. Парапозвоночная отечность может быть проявлением туберкулезного абсцесса.

 

Өпкөдөн тышкары КУ симптомдору орган жана системалардын жабыркашынан көз каранды:

·         Заара-жыныс тутумунун кургак учугу пиелонефрит (калтыроо, белдеги оору, заара менен ириңдин бөлүнүп чыгышы) катары көрүнүшү мүмкүн. Адатта инфекция табарсыкты, ал эми эркектерде – эрендик безди, урук каналдарын же жумурткалыктын коштондуларын, анын салмагынын көбөйүүсүнө жеткирүү менен жабыркатат. Инфекция белдеги булчуңга карай төмөн жактагы бөйрөктүн айланасына жайылышы мүмкүн, кээде сандын астыңкы бөлүгүндө абцесстин пайда болуусуна алып келет.

·         Сальпингоофорит фаллопий түтүкчөлөрү кан тамырларга бай болуучу менархеден (биринчи айыз келген учур) кийин пайда болушу мүмкүн. Симптомдор жамбаш чарасындагы өнөкөт оору жана тукумсуздукту, түтүктөрдөгү тырыктардан улам жатындын сыртындагы кош бойлуулукту камтыйт.

·         КУ менингити көп учурда өпкөнүн сыртындагы башка очоктордогу инфекция өпкөдө жок болгон учурда келип чыгат. Кайсы гана куракта болбосун менингит кургак учуктун эң эле оор формасына жана жогорку өлүм көрсөткүчүнө ээ. Бул – божомолдонгондой бала чакта БЦЖ вакцинасы менен бөгөт коюла турган кургак учуктун формаларынын бири. Симптомдору – бир аз калтыроо, туруктуу баш оору, жүрөк айлануу жана сенейүүгө, комага чейин күчөшү мүмкүн болгон уйкусуроо же селейүү абалы.

·         КУ лимфаденити эреже катары, моюндун арткы бөлүгүнүн жана акыректин үстүндөгү чынжырлардагы лимфа түйүндөрүн катыштырат. Баштапкы өпкө оорусунун көрүнүштөрү орто көңдөйдүн лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу болуп саналат. Күчөгөн учурларда түйүндөр сезгенип жана сезгич болуп калышы, аларды каптап турган тери тешик жарадан чыккан суюктуктун натыйжасында жараланышы мүмкүн.

·         Сөөк жана муундардын кургак учугу адатта муундарды, таяныч-кыймылдоо аппаратын жабыркатат, өзгөчө жаракат алгандан кийин алакан сөөгү, кол, билек жана ийиндерге дагы өтүшү мүмкүн.

·         Поттун оорусу – бул омуртканын денечесинен башталып жана көп учурда чектеш омурткаларга, алардын ортосунда диск мейкиндигин тарытууну пайда кылуу менен жайылуучу арка инфекциясы. Эгерде дарылабаса, омурткалар процесске жүлүндү катыштыруу менен бузулушу мүмкүн. Симптомдор жабыркаган сөөктөрдөгү күчөгөн же туруктуу ооруну, ошондой эле артриттин өнөкөт же орточо даражасын камтыйт. Пот оорусунда жүлүндүн кысылышы неврологиялык патологияларга, анын ичинде параплегияга алып келет. Омуртканын шишимик тартышы кургак учук абсцессинин көрүнүшү болушу мүмкүн.

КУРГАК УЧУК ЖАНА АИВ ВИРУСУ

Дүйнө жүзүнүн айрым аймактарында көп сандаган адамдар АИВ менен жашайт. Эгерде адам АИВ-позитивдүү болсо, анда активдүү КУ инфекциясынын өнүгүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Буга чейин белгиленгендей, планетанын калкынын чоң пайызы кургак учукту алып жүрүшөт. Бул абдан көп кездешет жана мындай адам оорулуу жана оору жугузат дегенди билдирбейт. Башкача айтканда КУ микробдору организмде болгону карабастан, оору өнүкпөйт, уктаган абалда кала берет (мындайча айтканда уктап жаткан жана эч качан атылбашы мүмкүн болгон вулкан сыяктуу). Бул биздин организмдин дени сактыгынан, анын коргоочу механизмдери микобактериялардын көбөйүүсүн басып жаткандыгынан улам болот. Бирок эгерде кайсы бир себептер боюнча организмдин коргоочу күчтөрү начарласа (мисалы, АИВде), микроорганизмдер көзөмөлдөн чыгышы жана ойгонушу мүмкүн, ошондо оору жуктуруп алган адамда КУнун активдүү формасы өнүгүшү мүмкүн.

КУРГАК УЧУК КАНДАЙЧА ЖУГАТ?
БАЛДАРДАГЫ КУРГАК УЧУКТУН СИМПТОМДОРУ
КУРГАК УЧУКТУН ӨНҮГҮШҮНӨ КАНДАЙ ФАКТОРЛОР ТААСИРИН ТИЙГИЗЕТ?
КУРГАК УЧУККА КИМДЕР КӨБҮРӨӨК ЧАЛДЫГАТ?
КУРГАК УЧУКТУН “АЧЫК” ЖАНА “ЖАБЫК” ФОРМАСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?
ДАРЫГА ТУРУКТУУ КУРГАК УЧУК ДЕГЕН ЭМНЕ?
КУРГАК УЧУКТУН НЕГИЗГИ СИМПТОМДОРУ
КУРГАК УЧУКТУН ЛАТЕНТТИК ФОРМАСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?
КУРГАК УЧУК КАЙСЫ ОРГАН ЖАНА ТКАНДАРДЫ ЖАБЫРКАТАТ?
КУРГАК УЧУК ЖАНА АИВ ВИРУСУ
bottom of page