top of page
КУ МЕНЕН ООРУГАН АДАМДЫН КОРКУУЛАРЫ
МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН
КУРГАК УЧУКТАН ЖАБЫРКАГАН АДАМДАРГА КАРАТА ЖАСАЛГАН КОДУЛОО

КУРГАК УЧУКТАН ЖАБЫРКАГАН АДАМДАРГА ЖАСАЛГАН КОДУЛОО ЖАНА БАСМЫРЛОО ДЕГЕН ЭМНЕ?

Кодулоо – бул кургак учук менен ооруган адамга карата жагымсыз айыптоолор же мамиле, бул анын оорусун жашыруусуна мажбур кылат жана кеч кайрылуунун же өз учурунда дарылануудан баш тартуунун себеби болушу мүмкүн, бул инфекциянын тегерегиндегилерге жугуу тобокелчилигин жогорулатат. Басмырлоо кодулоого дуушар болгон адамдарга каршы багытталган аракеттерди жана аракетсиздикти билдирет. Кургак учуктан жабыркаган адам менен мамиле түзгөн адамдар жуктуруп алам деген коркууну башынан өткөрүшөт. Дарыланып жаткан бейтап башкаларга жуктурбай тургандыгы тууралуу билимдер үй-бүлөгө жана коомчулукка анын жанында коркпостон жана чочулабастан болуусуна жана колдоо көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

ДИАГНОЗ АНЫКТАЛГАНДАН КИЙИНКИ ЭМОЦИОНАЛДЫК АБАЛ

Кургак учук сыяктуу ушундай оорунун пайда болушу кайсы гана адам тарабынан болбосун жашоону астын-үстүн кыла турган тикелей коркунуч катары кабыл алынат. Сиз коркуу, шок болуу, ачуулануу, кооптонуу, уялуу же күнөөлүү болуу, өзүңүздү жоготуу сезимине кабылышыңыз, тегерегиңиздеги адамдардан обочолонууңуз мүмкүн, агрессия пайда болушу же ооруну тануу сезими келип чыгышы ыктымал. Баштапкы баскычта оорунун бардыгын тануу тынчтандырат, кооптонууну азайтат. Бирок дал ушул нерсе дарыланууну өз учурунда баштоого көп учурда тоскоолдук кылат.​

Ооруга байланыштуу өзгөрүүлөрдү оңой көтөрүү үчүн эмнени сезип, эмнени башыңыздан өткөрүп жатканыңызды ачык билдириңиз.

Өзүн жоготуу, көз жаш, тануу, агрессия, каардануу же башка эмоциялар – бул адамдын ушул сыяктуу кырдаалга нормалдуу реакциясы.

Оорунун адамдын физикалык абалына тийгизген таасиринен тышкары анын психологиялык абалы дагы өзгөрөт. Ооруп калган адам өзүн тегерегиндегилерге салыштырып, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кемсинте баштайт, өзүнө жана өз күчүнө болгон ишенимин жоготот.

Кургак учук оорусун көпчүлүгү жаманатты катары кабыл алышат. Бейтаптар: “Андан көрө мен рак менен ооруп калсам болмок экен, анткени мындай бейтаптардан эч ким качпайт, аларга боор орушат жана бардыгы барып көрүүгө жана аларга көңүл бурууга аракеттенишет”.

Курагына, жынысына жана социалдык абалына карабастан биздин арабыздан ким болбосун кургак учукту жуктуруп алышы жана ооруп калышы мүмкүн, анткени аба бардыгы үчүн бирдей.​

Эсиңерде болсун, “Кургак учук –айыгат!”

КУ МЕНЕН ООРУГАН АДАМДЫН КОРКУУЛАРЫ

Кургак учук менен ооруган дээрлик ар бир адам четке кагылуу жана обочолонуу коркунучун башынан өткөрүшү мүмкүн. Жакындары, достору, кесиптештери же коңшулары буга кандай карашат деген суроолор пайда болот. А балким бардыгы менден жүз буруп кетишсечи? Балким иштен кетүүгө, окууну таштаганга туура келсечи?

Айрым бейтаптар аларды тегерегиндегиелер четке какканга чейин эле өзүнөн өзү обочолоно баштайт.

«Ал өзүнөн өзү эле бөлүнө баштады. Мен ага, ата, мындай кылууга болбойт дейм. Ал болсо, каршы чыгат, идиш-аягымды өзүнчө бөлүп койгула дейт. Мен идиштерди аныкы жана биздики деп бөлбөйм, мага идиш-аяк аркылуу оору жукпай тургандыгын түшүндүрүштү» - дейт Жалал-Абад областындагы кургак учук менен жабыркаган бейтаптын кызы.

Коркуунун пайда болушу – бул нормалдуу реакция. Бул ооруга ой жүгүртүү жана кабыл алуу баскычтарынын бири.

МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАНА ПСИХОЛОГДОРДУН КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ КАНТИП ЖЕҢҮҮ КЕРЕКТИГИ ТУУРАЛУУ КЕҢЕШТЕРИ:

·         Сиздин жашооңузда оору бар экендигин кабыл алууга аракеттениңиз. Айыгуу көп жагынан сизден, сабырыңыздан жана айыгууга болгон ишенимиңизден көз каранды. “Менин жашоомду кургак учук көзөмөлдөбөйт, мен аны көзөмөлдөй баштайм” деген маанай өтө маанилүү.

·         Көп учурда биз үй-бүлөнүн жана балдардын керектөөлөрү маанилүүрөөк деп ойлойбуз. Бирок сиз дарыланбасаңыз жана ден соолугуңуздун абалы начарласа, аларга кантип жардам берип жана кам көрө аласыз.

·         Биринчи учурларда сиз ашыкча чыңалууну, кооптонуу же кыжырлануу сезимин башыңыздан өткөрүшүңүз мүмкүн. Балким маанайыңыз түшүүсү жана бардыгын таштап салуу каалоосу болушу ыктымал. Эгерде сизге бир нерсе түшүнүксүз болсо же кооптондурса, анда маалымат алуу үчүн медицина кызматкерлерине кайрылыңыз. Дарылоонун маанисин түшүнүү сизге кырдаалды башкаруу сезимин берет.

·         Сизди узакка созулган дарылануу учурунда алаксыта турган иш табыңыз. Китеп окусаңыз, сыналгы көрсөңүз, музыка угуп, ыр жазып, сүрөт тартсаңыз, фотоаппарат менен сүрөт тартсаңыз же көптөн бери таштап койгон иш менен алектенсеңиз болот.

·         Башка адамдардан жашырынбаңыз, пикир алышуу сизге кызык болгондорун табыңыз, өз кайгы-капаңызды бөлүшүңүз жана колдоо алыңыз. Жакындарыңыздан, досторуңуздан жана кесиптештериңизден жардам алуудан баш тартпаңыз.

·         Эмоцияларыңызды көзөмөлдөөгө аракеттениңиз, мүмкүн болушунча карама-каршылыктардан качыңыз, кыжырлануу же коркуу сезимдерин сиз эле башыңыздан өткөрүп жатпаганыңыз эсиңизде болсун. Башка бейтаптар менен пикир алышууда бирөөнүн жашоосун, алардын оор тажрыйбасын өзүңүзгө жакын албаңыз.  “Менде дагы ушундай болушун мен каалаймынбы? Мындан оолак болуу үчүн мен эмне кыла алам?” деп өзүңүздөн сураңыз.

 Дарыланууну аяктап же ушул ооруну жеңген адамды укканыңыз жакшы. Алардын тажрыйбасы сиз үчүн пайдалуу болот.

·         Сиз акырындап өздөштүрөсүз жана дарыланууга көнөсүз. Бирок эгерде баары бир жагымсыз абалдар пайда боло берсе, кайрадан – медициналык кызматкерлерге кайрылыңыз. Медициналык кызматкер дагы сиздин айыгып кетишиңизге кызыктар.

·         Режимди карманыңыз, үзгүлтүксүз жана туура тамактаныңыз. Дары-дармектерди туура ичүү эле эмес, ошондой эле толук баалуу тамактануу дагы маанилүү. Тең салмакталган, белок азыктарына (рацион эт, тоок эти, жумуртка, быштак, буурчак өсүмдүктөрү, жаңгактарды ж.б. камтыганы жакшы), жашылча жана жемиштерге бай тамактануу сунушталат.

·         Кээде сиз – өзгөчө баштапкы учурларда тамак тууралуу ойлогондо жаман болушуңуз мүмкүн. Тамак-ашты “иче албайм” дегенде дагы ичүү маанилүү, анткени сиздин организмге оору менен күрөшүү үчүн күч керек.

·         Ошондой эле күн сайын таза абада сейилдөө, оң эмоциялардан кубаттануу, кадимки нерселерге – асманга, күнгө, жылдын мезгилине, жандуу жаратылыштын добуштарына кубануу маанилүү.

·         Дарыланууга тиешелүү бардык нерселерди, дарыгерлердин жана медайымдардын сунуштарын жакшы аткаруу жана ал узакка созуларын түшүнүү керек.

·         Сиздин тегерегиңиздеги медицина кызматкерлери респираторлорду тагынууга тийиш экендигине түшүнүү менен караңыз. Балким бул сиз үчүн психологиялык жактан оор, анткени өзүңүздү бөлүнүп калгандай сезесиз. Бирок алар сизден эмес, кургак учук микобактерияларынан коргонуп жаткандыгын түшүнүү зарыл.

·         Биздин өлкөдө кургак учукту дарылоо медициналык кызматкердин же дарылоодогу коомдук жардамчынын көзөмөлү астында жүргүзүлөт. Балким сизге дары ичип жатканыңызда кимдир-бирөө көзөмөлдөп жатканы ыңгайсыз. Бул сизди көзөмөлдөө үчүн эмес, сиздин ооруңузду көзөмөлдөө үчүн зарыл. Колдоону сезүү жана дарылоо туура жүргүзүлүп жатканына жана кайсы гана учурда болбосун медицина кызматкерине кайрылууга, өзүнүн кайгы-капасы, коркуулары, кыйыр таасирлер тууралуу сүйлөшүүгө боло тургандыгына ишенимдүү болуу – бул абдан маанилүү.  

·         Биз дайыма балдарыбыз, ата-энелерибиз, күйөө жана аялдарыбыз, эже-сиңди жана ага-инилерибиз үчүн, алар ооруганда кайгырабыз. Биздин жакын адамыбыз тез арада айыгып кетиши үчүн акыркыбызды берүүгө даярбыз. Алар дагы биз үчүн кайгырышат. Өзүңүздүн коркууларыңыз жана кайгы-капаларыңызды жакындарыңыз менен бөлүшүңүз.

·         Өзүңүз жана жакындарыңыз айыгат деген гана маанайда болгонуңар маанилүү. Кургак учук айыгат!

ООРУДАН АЙЫККАН БЕЙТАПТЫН КЕҢЕШИ

“Менде болуп өткөн бардык окуяларды баалайм жана жашоомдун жолундагы тоскоолдукту жеңүүдөгү маанилүү тажрыйба катары кабыл аламын. Ооба, оңой болгон жок, бирок мен эч нерсеге өкүнбөйм. Бул ачуу тажрыйба мага көп нерсени берди, бирок мен мурдагыдан күчтүү болуп калдым, жаңы досторго ээ болдум жана өзүмдүн жашоомо жаңыча карай баштадым. Мен бардыгын, ал гана эмес кургак учук сыяктуу ушундай “коркунучту” ооруну дагы жеңүүгө боло тургандыгын түшүндүм. Болгону шалдайып отуруп калбоо, үмүт үзбөө керек, өзүңө ишенүү, дарыгериңдин бардык сунуштарын кыйшаюсуз аткаруу жана эч бир кырдаалдарда дарылоону үзгүлтүккө учуратпоо зарыл! Ал эми айыккандан кийин өзүңө жана жакындарыңдын саламаттыгына кам көрүүгө тийишсиң”.

Зарина, Талас областындагы ооруп айыккан бейтап

Кургак учук — бул өзүнүн ден соолугуна жана жакындарынын ден соолугуна жаңыча кароого, кыйла кылдат жана кунт коюп көңүл бурууга мажбур кылуучу оору. Башыбыздан өткөргөн тажрыйбадан кандай сабак алып жаткандыгыбыз маанилүү. Бүт жолду басып өткөндөн кийин бизде эмне өзгөрөт? Сиз кургак учуктан АЙЫГУУГА карай ушул оор жолдун акырында буга сөзсүз жетесиз.

ООРУДАН АЙЫККАН БЕЙТАПТЫН КЕҢЕШИ
ДИАГНОЗ АНЫКТАЛГАНДАН КИЙИНКИ ЭМОЦИОНАЛДЫК АБАЛ
bottom of page