КУРГАК УЧУКТУ ДАРЫЛОО
КЫРГЫЗСТАНДА КУРГАК УЧУКТУ ДАРЫЛОО КАНЧА ТУРАТ?
Кыргызстанда кургак учук менен ооруган адам үчүн дарылоо акысыз.
Эгерде сиз медициналык кызматкерлер кургак учукка каршы дары каражаттарын сатып жаткандыгына бет келишсеңиз, бул тууралуу медициналык мекеменин жетекчисине кабарлаңыз.
КУРГАК УЧУКТУ ДАРЫЛОО КАНЧАГА СОЗУЛАТ?
Кургак учук таякчалары абдан жай өлөт, ошондуктан кургак учукту дарылоо – бул узак процесс. Оорулуу 6-8 айдан кем эмес убакыт толук дарыланууга тийиш. Терапия башталгандан кийин бейтап жеңилденүүнү сезет жана көп убакытка чейин дээрлик эч нерсе тынчсыздандырбайт, какырыктын натыйжалары терс болот. Бирок бактерияларды жок кылуу үчүн толук дарылануу курсун аягына чыгаруу керек, болбосо оору көп күттүрбөй кайтып келет! Эгерде оорулуу дарыланууну мөөнөтүнө жеткирбей бүтүрсө же ага жазылып берилген бардык дары каражаттарын ичпесе, бул дарыга туруктуулуктун (ДТ) келип чыгышына алып келет жана жыйынтыгында кургак учуктун дарыга туруктуу микобактериялары менен бейтаптын үй-бүлө мүчөлөрү жана тегерегиндегилер ооруп калышы мүмкүн. ДТ КУ дарылоо 2-3 эсе узак жана 18-20 айды түзөт.
Дары-дармектерди дарыгердин бардык сунуштарын так аткаруу менен ичүү керек. Кургак учукту дарылоо төмөнкүдөй болууга тийиш:
-
күн сайын жана тынымсыз;
-
комплекстүү (бардык дайындалган дарыларды ичүү керек);
-
көзөмөл астында жана медициналык кызматкердин же дарылануудагы коомдук жардамчынын колдоосу астында. Мындай көзөмөлсүз жана колдоосуз дарылоого карата медициналык көрсөтмөлөрдү аткарууда кыйынчылыктар келип чыгышы жана оору андан ары жайылышы мүмкүн.
КУРГАК УЧУК АЙЫКПАЙ ТУРГАНДЫГЫ ЧЫНБЫ?
БДСУнун баалоосу боюнча, 2000-жылдан 2017-жылга чейин кургак учукту аныктоо жана дарылоонун жардамы менен 54 миллион адамдын өмүрү сакталып калган.
Кургак учук 70-80% учурлардан көпчүлүгүндө айыгат. КУнун айыкпастыгы тууралуу пикирлердин пайда болгондугунун бир нече себептери бар. Кургак учукка каршы антибиотиктер пайда болгонго чейин кургак учук менен ооруган адамдар жарык дүйнө менен кош айтышып келишкен. Андан кийин 90-жылдардагы кайра куруу мезгилинде оорулууларды дары-дармектер менен камсыздоодо көйгөйлөр болгон. 3-негизги учур – КУ менен жабыркаган бейтаптарды коомчулук тарабынан кодулоо жана басмырлоо. КУ менен ооруп айыккандар дайыма аларда КУ болгондугу тууралуу маалыматты жашырышат. Ал эми коом кургак учуктан каза болгон бейтаптар тууралуу гана билип калышат.
Адам кайрадан кургак учук менен ооруп калышы мүмкүн. Кургак учуктун кайталанышы болжол менен адамдардын 5%да өнүгөт, б.а. 100 оорулуунун ичинен 5 адам ооруп калышы ыктымал. Эгерде бейтап кылдат дарыланса, кургак учукка каршы дары каражаттарын ичүүнү калтырбаса, анда ал таза айыгат.
КУРГАК УЧУККА КАРШЫ ДАРЫ КАРАЖАТТАРЫН ИЧКЕНДЕН КИЙИНКИ КЫЙЫР ТААСИРЛЕР
КУ менен жабыркаган бейтаптар кургак учукка каршы дарыларга (ККД) жагымсыз көрүнүштөрдөн (ЖК) көп жапа чегишет. ККДга ЖК келип чыгуу диапазону азыраактан (теринин же дененин суюктуктарынын түсүнүн өзгөрүшү, баш оору) баштап өмүр үчүн коркунуч туудурган (гепатит, бөйрөк жетишсиздиги) жагымсыз көрүнүштөргө чейин жетет.
Биринчи катардагы дары каражаттары менен дарылоодо ЖК дарыга туруктуулугу сакталган бейтаптардын болжол менен 5%да кездешет. ККДга ЖК келип чыгуу жыштыгы дарыга туруктуу кургак учуктан жабыркаган бейтаптарды жеке дарылоо схемасында 50-86%ды түзөт. Маанилүү топто уулуу мүнөздөгү ЖК турат. Алар эреже катары органдардын жабыркоо мүнөзүн алып жүрөт. Уулуу оордошуулар мурда ооруп айыккан/же болбосо учурдагы органдагы оорунун (гепатит, нефрит ж.б.) жыйынтыгында функционалдык бузулуулары бар бейтаптарда ачыгыраак көрүнөт.
ЖК келип чыгуу мөөнөттөрү ар кандай, бирок алар кыйла көп учурда дарылоонун биринчи айларында келип чыгат, кийин алардын кыйла азайышы байкалат. Айрым ЖК дарылоо процессинде өз алдынча жоголот, калган учурларда алардын келип чыгуусун активдүү басуу керек. Кайсы гана болбосун ЖК келип чыккан учурда дарылоочу дарыгерге кайрылуу зарыл. Эгерде өмүр үчүн коркунуч бар болсо, дарыгер ЖК пайда кылган конкреттүү дарыларды жокко чыгарат.
Азыраак аллергиялык реакциялар келип чыккан учурда десенсибилизациялоочу (аллергияга каршы) терапия жүргүзүлөт. Териде кычыштырган же жөнөкөй бүдүрчөлөр бар болсо, дарылоо схемасынан аллергияны пайда кылган препарат алынып салынат. Бейтап дары ичүүнү өз алдынча токтотуп койбогону жакшы.
КУРГАК УЧУКТУ АМБУЛАТОРДУК ДАРЫЛОО
Амбулатордук дарылоодо бейтап үйдө болуп жана көбүнчө өзүнүн кадимки иштери менен алектенүүсүн уланта алат. Үйдө болуу менен бейтап оорукананын ичинде жугушу мүмкүн болгон кургак учуктун дарыга туруктуу формаларын жуктуруп алуу тобокелчилигинен кача алат. Амбулатордук дарыланууда үй-бүлө мүчөлөрүнө кургак учуктун инфекциясын жуктуруп алуу тобокелчилиги дары-дармектерди ичүүнү баштоо менен азаят.
-
Кургак учуктан жабыркаган бейтапты амбулатордук дарылоого көрсөтмөлөр:
-
Сапаттуу көзөмөлдөнүүчү химиотерапиянын жеткиликтүү болушу;
-
КУ бейтаптын какырыгынан кургак учуктун бактериялары табылбаган учурдагы (микроскопия) канаттандыраарлык абал;
-
Ар кандай себептер боюнча стационарда дарылануудан баш тарткан, анализдери оң болуп чыккан бейтаптар.
Кургак учук менен ооруган балдарды жана өспүрүмдөрдү амбулатордук дарылоо тууралуу чечимди дарыгерлердин консилиуму социалдык факторлорду эске алуу менен чечет. Амбулатордук дарылоо жүргүзүлүп жаткан учурда балдарга балдар жамааттарына барууга уруксат берилет.
Кургак учук менен жабыркаган амбулатордук дарылоодогу бейтаптар инфекциянын жугуу коркунучун азайтуу үчүн белгилүү чараларды көрүүсү маанилүү:
-
Форточканы/терезени ачуу менен бөлмөнү желдетүү;
-
Жөтөлгөн учурда гигиеналык эрежелерди аткаруу;
-
Терапиянын биринчи эки жумасынын ичинде башка адамдар менен узакка, тыгыз байланышта болуудан кармануу. Терапиянын биринчи эки жумасы өткөндөн кийин инфекциянын жугуу тобокелчилиги тез төмөндөйт.
КУ БЕЙТАПТАР ҮЧҮН АКЫСЫЗ МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТТАР
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндөгү» Мыйзамынын алкагында КР жараны укуктуу:
-
Медициналык камсыздандыруусу болгон учурда акысыз медициналык дарыланууга;
-
й-бүлөлүк дарыгер же жалпы үй-бүлөлүк практикалык дарыгерди эркин тандоого (61-берене);
-
Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардам алууга (61-берене);
-
Текшерилүү, профилактика, дарылоо, медициналык реабилитацияга жана санитардык-гигиеналык талаптарга дал келген шарттарда кармалууга (72-берене);
-
Өзү үчүн жеткиликтүү формада өзүнүн саламаттыгынын абалы тууралуу маалыматты, анын ичинде текшерүүнүн жыйынтыктары, оорунун бардыгы, анын диапазону жана божомол, дарылоо ыкмалары, аларга байланышкан тобокелчиликтер, медициналык кийлигишүүлөрдүн мүмкүн болгон варианттары, алардын кесепеттери жана жүргүзүлгөн дарылоонун жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды алууга (73-берене);
-
Медициналык кызматкерден эмгек жана тамактануу режими, дене тарбия жана спорт сабактары, өзүнүн оорусуна байланыштуу реабилитациялык иш-чаралар жөнүндө так маалыматтарды алууга (73-берене);
-
Медицина кызматкеринен дары каражаттарын ичүү тартиби, мүмкүн болгон кыйыр таасирлер тууралуу так маалымат алууга (73-берене).
-
“Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө” КР Мыйзамынын алкагында кургак учукка каршы мекемелерине консультацияга жана дарылоого чакырылган же жөнөтүлгөн бейтаптар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен акысыз жол жүрүүгө (баруу жана келүү) укуктуу.
Мамлекеттик кепилдиктер программасы Кыргызстандын ар бир жаранына сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам алууга укук берет. Жашаган жери боюнча ҮДТга катталган кургак учук менен ооруган бейтап акысыз медициналык-санитардык жардам алууга укуктуу, тактап айтканда:
1. Кабыл алуу, консультация жана дарылоо;
2. Базалык лабораториялык изилдөөлөр (жолдомо боюнча):
· кан, зааранын жалпы анализи жана зааранын тунмасынын микроскопиясы;
· кандагы жана заарадагы кантты аныктоо;
· кандагы холестеринди аныктоо;
· какырыктын анализи (сүртүндүгө микроскопия жасоо);
· заара түтүгүнөн жана жыныс кынынан сүртүндү алуу.
3. Диагностикалык изилдөө (көрсөтмөлөр боюнча):
· электрокардиограмма (ЭКГ);
4. Медициналык инъекцияларды жасоо (в/и, б/и, т/а).
КУ менен ооруп калган бардык адамдар каттоосунун бардыгына/жоктугуна карабастан оору аныкталган жери боюнча медициналык жардам алууга укуктуу.
“Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө” КР Мыйзамынын алкагында кургак учук менен ооруган адамдардын балдары мектепке чейинки мекемелерге, мектептерге, жатак-мектептерге жана санаторийлик-ден соолукту чыңдоо мекемелерине кезексиз кабыл алуу укугунан пайдаланышат. Кургак учук менен ооруган жана буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте майып деп таанылган 16 жашка чыга элек балдарга кам көрүүнү ишке ашырып жаткан ата-энелер же адамдар, төмөнкүлөргө укуктуу:
· катуу ооруган жана кичине курактагы балдар менен кургак учукка каршы диспансерде (бөлүмдө) бирге жатууга;
жайында же өзү үчүн ыңгайлуу мезгилде жыл сайын эмгек эс алуу өргүүсүн алууга
КАТТАЛГАН ЖЕРИНЕН ТЫШКАРЫ ДАРЫЛАНУУГА БОЛОБУ?
Кыргыз Республикасынын аймагында бейтап кургак учукка каршы катталган жери боюнча эле эмес, ошондой эле жашаган жери боюнча дагы дарылана алат. Эгерде кайсы бир себептер боюнча ага ал катталган жери боюнча катталган жерге кайтуу зарыл болсо, ал келген жеринде дарылануусун уланта алат.
Катталган жери боюнча дарылануу үчүн бейтап участкалык дарыгерден дарыланып жаткандыгы тууралуу документти - ТБ01/ТБ01у медициналык картасын алуусу зарыл, ага клиникалык диагноз, анализдердин жыйынтыктары, дарылануу режимдери тууралуу толук маалымат жана өпкө же башка органдарынын рентген сүрөттөрү тиркелет.
ДОКУМЕНТИ ЖОК БЕЙТАП КУРГАК УЧУККА КАРШЫ ДАРЫЛАНА АЛАБЫ?
Документтери жок бейтап дарылана алат. Бирок аны кабыл алган дарыгерде клиникалык диагноз, анализдердин жыйынтыктары жана дарылоо режими тууралуу маалымат алууда көйгөйлөр болушу мүмкүн. Бул маалымат кечигүү менен алынышы же такыр эле алынбашы мүмкүн. Кургак учукту дарылоо үзгүлтүккө учурабашы үчүн өзүнүн участкалык дарыгерине көчүү тууралуу пландары тууралуу билдирүүсү жана ТБ01/ТБ01у медициналык картасын алуусу керек.
КОШ БОЙЛУУ ЖАНА БАЛА ЭМИЗГЕН АЯЛДАРДАГЫ КУРГАК УЧУКТУ ДАРЫЛОО
Кургак учуктун активдүү формасы менен ооруган бейтаптарда кургак учукка каршы дарылоону кош бойлуулуктун мөөнөтүнө карабастан токтоосуз баштоо керек. Мындай дарыгер кургак учуктун микобактерияларынын дарыга сезгичтигине тесттерди (ДСТ) дайындайт жана жыйынтыктарына карабастан дарылоо дайындалат. Фтизиатр-дарыгер түйүлдүк үчүн коркунуч туудура турган кургак учукка каршы дары каражаттарын схемадан чыгарып салат жана дарылануунун адекваттуу режимин түзөт. Төрөгөндөн кийин эгерде дарылоо мөөнөтү али аяктай элек болсо, бейтап дарыланууну улантат, ошону менен бирге дарылоо схемасы дагы бир жолу кайра каралып чыгат.
Узак убакыт бою (төрөгөнгө чейин) дарыланбаган учурда кургак учук күчөшү, оор формага өтүшү жана бейтап аялдын майыптыгына, ал эми айрым учурда өлүмгө дагы алып келиши мүмкүн. Бир жагынан алганда бейтап өзүнүн жакындарына, үй-бүлө мүчөлөрүнө же бирге иштеген кесиптештерине жугузушу ыктымал. Албетте, жалпы кабыл алынган эрежелер боюнча эгерде бейтаптын өмүрүнө коркунуч жок болсо кош бойлуулуктун биринчи триместринде кургак учукту дарылоодон карманууга болот. Ошол эле учурда какырыктын микроскопиясы терс жыйынтыкка ээ болууга жана рентгенге тартканда өпкөдө кургак учуктун кичине формалары (очоктуу кургак учук) аныкталууга тийиш. Кош бойлуулуктун 4-айы башталаары менен шашылыш түрдө кургак учукту дарылоону баштоо керек.
Баланы эмизүүнү чечкен кургак учук оорулуу аялдар толук химиотерапия курсунан өтүүгө тийиш. Өз учурунда жана туура жүргүзүлгөн химиотерапия балага кургак учук бациллаларынын жугуусуна бөгөт коюунун эң жакшы ыкмасы болуп саналат. Кургак учукка каршы бардык дары каражаттары эмизүү менен дал келет жана аларды ичип жаткан аял баласын эч кандай коркунучсуз эмизе алат. Сүткө келип кошулуучу дарылардын өлчөмү өтө эле аз. Жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн эне сүтүнөн жакшы азык жоктугу бардыгына белгилүү.
Эне сүтү оптималдуу курамга ээ, анда бөбөккө инфекциялар менен күрөшүүгө жардам берүүчү, анын иммунитетин бекемдөөчү заттар бар. Эгерде бейтаптын төрөттүн астында жасалган сүртүндүсү оң болуп чыккан болсо, ымыркайды эмизип жаткан учурда бейтап аял беткап тагынууга тийиш. Бала БЦЖ эмдөөсүн алууга жана
изониазид менен профилактикадан өтүүсү керек. Эгерде төрөттүн астында жасаган бейтаптын сүртүндүсү терс болсо, анда балага профилактика жасоонун кереги жок.