top of page
КУРГАК УЧУК ЖАНА КОВИД

КУРГАК УЧУКТАН ЖАБЫРКАГАН БЕЙТАПТАР ӨЗҮН КОРОНАВИРУС ЖУКТУРУП АЛУУДАН КАНТИП КОРГОШУ КЕРЕК

Коронавирус инфекциясынын пандемиясы учурунда КУ бейтаптар COVID-19 оорусуна жана ооруканадан тышкары пневмонияга чалдыгуу боюнча тобокелчилик тобуна киришет. Кургак учук иммунитетти алсыратат, ошондуктан алар өзүнүн ден соолугуна дыкат көзөмөлдөшү жана өзүн жаңы коронавирусту жуктуруп алуудан коопсуз кылуу үчүн иммундук системасын чыңдашы керек.

Коргоо чаралары кургак учуксуз COVID-19дай эле: тез-тез алмаштыруу менен беткаптарды тагынуу, колду тазалап туруу жана социалдык аралыкты сактоо. COVID-19дан коргонуунун мыкты жолу – бул коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жасатуу.

КУРГАК УЧУКТУН ЖАНА COVID 19ДУН ОКШОШТУГУ ЖАНА АЙЫРМАЧЫЛЫГЫ ЭМНЕДЕ?

  • Экөө тең биринчи кезекте өпкөнү жабыркатуучу жугуштуу оорулар болуп саналат

  • Айрым симптомдору окшош, анын ичинде температуранын жогорулашы, жөтөл, дем алуунун начарлашы, алсыроо, табиттин жоголушу

  • Инфекциялык көзөмөлдөөнүн окшош чаралары (бейтаптарды иргөө, жөтөл этикети, ЖКК колдонуу, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча чаралар)

  • Желдетүү, беткаптарды тагынуу жана социалдык аралык инфекциялардын жайылышын азайтат

  • Кургак учук же COVID-19 менен ооруган адамдарга карата кодулоо жана басмырлоо

Жугуу жолдору

  • Кургак учук:  кургак учуктун микобактерияларын бөлүп чыгаруучу кургак учук менен ооруган бейтаптан аба аркылуу

  • COVID-19: аба, ошондой эле байланыш-тиричилик жана заң-ооз аркылуу болушу, симптомдорсуз ооруп жаткан адамдардан жугушу мүмкүн

Оорунун өнүгүшү

  • Кургак учук: оорунун кыйла жай билинүүсү менен жабыркаган бейтаптар менен байланышуудагы узагыраак инкубациялык мезгил (айлар, жылдар)

  • COVID-19:  инкубациялык мезгилдин жана оорунун пайда болуусунун кыйла тез болушу (сааттар, күндөр)

Симптомдор

  • Кургак учук:  адатта какырык менен, кээде кан аралаш нымдуу жөтөл болот, энтигүү адатта кыйла кеч баскычында келип чыгат

  • COVID-19:  адатта кургак жөтөл (оордошууларсыз учур), энтигүү негизги симптомдор пайда болгондон кийин, эрте пайда болушу мүмкүн.

КУ ЖАНА COVID 19ДУН ОКШОШТУГУ ЖАНА АЙЫРМАЧЫЛЫГЫ ЭМНЕДЕ?
bottom of page