top of page

Кыргызстанда кургак учукка каршы дары-дармектер кургак учук менен ооругандарга бекер берилет. Бул үчүн амбулатордук негизде дарыланып жаткан пациент жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборуна дайындалышы керек. Ал жерде ал акысыз медициналык кызматтардын пакетин алууга укуктуу.

Кургак учук менен ооруган бейтап акысыз жашаган жериндеги Үй-бүлөлүк медицина борборунан ала турган акысыз медициналык кызматтар.

 

  • Фтизиатр тарабынан дайындалган кургак учукка каршы дары-дармектер

  • Керек болсо медициналык процедуралар менен дарыгерлерди кабыл алуу жана кеңеш берүү

  • Медициналык инъекциялар венага, булчуңга жана тери астына

  • Адистин жолдомосу менен негизги лабораториялык жана диагностикалык тесттер

    • кандын жалпы анализи

    • жалпы заара анализи жана заара чөкмөсүнүн микроскопиясы

    • уретрия мазагынын микроскопиясы

    • кындын мазагынын микроскопиясы

    • какырыкты анализдөө (мазок микроскопиясы)

    • кандагы кантты аныктоо

    • заарадагы кантты аныктоо

    • кандагы холестеролду аныктоо

    • электрокардиограмма

    • флюорография

Эгерде райондук ҮМБда мамлекеттик каражатка сатылып алынган рентген жабдыктары болсо, рентген акысыз жүргүзүлөт.

bottom of page