top of page
КУРГАК УЧУК ТАКЫР АЙЫКПАЙБЫ?
КУРГАК УЧУКТАН ЖАБЫРКАГАН АДАМ ДАРЫЛАНЫП ЖАТСА ДЕЛЕ ДАЙЫМА ООРУ ЖУГУЗАТ
КУРГАК УЧУК ТУУРАЛУУ ЖОМОКТОР

КУРГАК УЧУК ТУКУМ КУУЙТ

ЖОК, кургак учук тукум куубайт!

Жугуштуу оору катары ал бир эле үй-бүлөнүн бир нече мүчөсүн жабыркатат, ошондуктан кургак учук тукум кубалайт деген туура эмес пикир калыптанат.

КОШ БОЙЛУУЛАРГА ЖЕ БАЛА ЭМИЗГЕН ЭНЕЛЕРГЕ КУ КАРШЫ ДАРЫ ИЧҮҮГӨ БОЛБОЙТ

Кош бойлуулар кургак учук менен ооруган башка бейтаптар сыяктуу эле дарыланышат.

Дарыланып жаткан жана кургак учуктун микобактерияларын бөлүп чыгарабаган аялдар балдарды чочулабастан эмизе алышат, анткени ал баланын өнүгүүсү үчүн бардык аш болумдуу заттарды жана

микроэлементтерди камтыйт.

КУРГАК УЧУК ТАКЫР АЙЫКПАЙБЫ?

Бул такыр ТУУРА ЭМЕС! Кургак учук өз учурунда аныкталганда жана туура дарылоодо АЙЫГАТ!

ЭГЕРДЕ КУРГАК УЧУКТУН БАР ЭКЕНДИГИН ЖАШЫРА ТУРГАН БОЛСО, ЭМНЕ БОЛОТ?

Оору өпкөнүн же башка органдардын ткандарын бузуу менен күчөшү жана ачык формага өтүшү мүмкүн, мында адам тегерегиндеги адамдарга жана биринчи кезекте өзүнүн жакындарына оору жуктурушу мүмкүн. Дарылоо жок болгон учурда оору өлүм менен аякташы ыктымал.

КУРГАК УЧУКТАН ЖАБЫРКАГАН АДАМ ДАРЫЛАНЫП ЖАТСА ДЕЛЕ ДАЙЫМА ООРУ ЖУГУЗАТ

Кургак учукка каршы заманбап дары-дармектер менен өз учурунда башталган дарылоо 2 жуманын ичинде кургак учуктун микобактерияларынын бөлүнүп чыгышын толугу менен токтотууга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет жана бейтап тегерегиндегилер үчүн коопсуз болуп калат. Тегерегиндеги адамдар үчүн кургак учуктан жабыркаган адам негизинен ооруну аныктаганга жана дарылоо башталганга чейин коркунуч туудурат.

КУРГАК УЧУККА КАРШЫ ДАРЫЛАР НАТЫЙЖАСЫЗ

Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы бардык заманбап жана эффективдүү дары-дармектер бар, алар АКЫСЫЗ берилет!

Эгерде дарыланууну мүмкүн болушунча эрте баштай турган болсо, дарыгердин бардык сунуштарын аткарса жана дайындалган дарылоонун толук курсун аяктаса, кургак учук АЙЫГАТ!

КУРГАК УЧУК ЭЛДИК КАРАЖАТТАР МЕНЕН ДАРЫЛАНАТ

ЖОК, элдик каражаттар: кымыз, бал, дары чөптөр, кашкулактын майы, иттин майы, медведки ж.б.  – КУРГАК УЧУКТУ АЙЫКТЫРБАЙТ!

Бул инфекция жана кургак учукка каршы дары каражаттары деп аталган антибактериялык препараттар менен дарыланат.

КУРГАК УЧУК МЕНЕН АБАКТА ЖАТКАН АДАМДАР, ТАМЕКИ ЧЕНККЕНДЕР, АЛКОЛГОЛДОН КӨЗ КАРАНДЫ БОЛГОНДОР, БАҢГИЗАТ КОЛДОНГОНДОР, ЖАКЫР АДАМДАР ЖАНА ГИГИЕНАНЫ САКТАБАГАНДАР ООРУШАТ

Кургак учукту курагына жана социалдык абалына карабастан кайсы гана болбосун адам жуктуруп алышы жана ооруп калышы мүмкүн, анткени аба бардыгына бирдей.

КОШ БОЙЛУУЛАРГА ЖЕ БАЛА ЭМИЗГЕН ЭНЕЛЕРГЕ КУ КАРШЫ ДАРЫ ИЧҮҮГӨ БОЛБОЙТ
ЭГЕРДЕ КУРГАК УЧУКТУН БАР ЭКЕНДИГИН ЖАШЫРА ТУРГАН БОЛСО, ЭМНЕ БОЛОТ?
КУРГАК УЧУККА КАРШЫ ДАРЫЛАР НАТЫЙЖАСЫЗ
КУРГАК УЧУК ЭЛДИК КАРАЖАТТАР МЕНЕН ДАРЫЛАНАТ
КУРГАК УЧУК МЕНЕН ТҮРМӨДӨГҮ АДАМДАР ООРУЙТ
bottom of page