top of page
3 logo.png
logo.png

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2026-жылдарга “Кургак учук-VI” программасы республикада кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максаттарын, милдеттерин жана артыкчылыктуу багыттарын аныктайт. 

Программанын максаты Кыргыз Республикасында кургак учук боюнча эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана акырындык менен жакшыртуу эсептелет.

Программанын максаты төмөнкүдөй шартта ишке ашат:

  1. кызыкдар министрликтерди жана ведомстволорду, мамлекеттик башкаруу органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду, өкмөттүк эмес уюмдарды жана менчигинин түрүнө карабастан медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү тартуу менен кургак учукту контролдоо, социалдык колдоо, стигманы жана дискриминацияны азайтуу боюнча активдүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу;

  2. кургак учук инфекциясынын алдын алууга, аныктоого жана дарылоого ар бир адамдын, бейтаптын, бейтаптын жакын чөйрөсүнүн, жарандык коомдун активдүү катышуусу, дарыланууга умтулуусун жакшыртуу, өзүнүн ден соолугуна жана айланасындагы адамдардын ден соолугуна жоопкерчиликти жогорулатуу менен жүрүм-турумду жана мамилесин өзгөртүү.

Кургак учук менен ооруган бейтаптарды ишке орноштуруу

kisspng-infographic-business-company-5af3292f488760.9058902215258852312971.png

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2026-жылдарга “Кургак учук-VI” программасынын алкагында менен ооруган бейтаптарды  иш менен камсыз кылуу негизги ролду ойнойт. Жумуш кургак учук менен ооруган адамдардын физикалык жактан сакайып кетишине гана салым кошпостон, алардын коомго активдүү жана толук кандуу мүчөсү катары кайтып келүүсүнө шарт түзөт. Кургак учук менен ооруган бейтаптар акча табуу үчүн жумушка муктаж, анткени алардын көпчүлүгү эмгекке жарамдуу, үй-бүлөлөрү бар жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү. Демек, кургак учук менен ооруган адамдар үчүн өзүн жана үй-бүлөсүн багуу үчүн акча табуу өтө маанилүү. Эң негизгиси, кургак учук менен ооруган адамдарды жумушка алуу социалдык стигманы жана кургак учук менен байланышкан басмырлоону азайтууга жардам берет жана инклюзивдүү коомду түзүүгө өбөлгө түзөт. Жыйынтыгында, кургак учук менен жабыркаган адамдарды  “Кургак учук-VI” программасынын алкагында ишке орноштуруу кургак учуктун эпидемиясын жоюу жана бейтаптардын өздөрүнүн жашоо сапатын жогорулатуу үчүн өтө маанилүү кадам болуп калат.

transparent-job-diagram-business-learning-employment-pricing-excllence-blog-ibbaka5db057c7
kisspng-cartoon-physician-clip-art-doctors-5a6d80329063e6.8767457015171256825914.png

Кургак учук оорусу менен жабыркап,  бактериялык бөлүп чыгаруулары (агындысы)  бар  бейтаптарга  иштөөгө/окууга уруксат берилбейт.

Эки айдан кийин  сезгичтиги сакталган   жана туруктуу бактериалдык бөлүп чыгаруулары жок бейтаптар, клинкалык-рентгенологиялык оң динамикасы менен жумушка/сабакка чыга берсе болот.

 

Дарыларга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптарга оорунун формасына жараша иштөөгө/окууга уруксат берилиши мүмкүн:

Поли-дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптар үчүн (ПДТ-КУ):

Бейтап дарылоонун эффективдүү курсун алат, клиникалык-рентгенологиялык жакшыртууга жетишет жана 2 же андан көп терс какырык культуралары бар.

 

Көп дарыларга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптар үчүн (КДТ-КУ):

Бейтап дарылоонун натыйжалуу курсун алат, клиникалык-рентгенологиялык жакшыртууга жетишет, дарылоонун инъекциялык этабын аяктайт жана какырык өстүрүүнүн 3 же андан көп терс натыйжалары бар. Инъекциялык/интенсивдүү фаза аяктагандан кийин кыска мөөнөттүү режимдерде – 4-6 ай. Инъекциялык дарыны албаган бейтаптар үчүн, 8 ай эффективдүү дарылоодон кийин жана какырыктын 3 же андан көп терс натыйжалары бар.

 

Пре-ДКТ жана дарыларга кеңири туруктуу кургак учук менен ооруган  бейтаптар үчүн (ДКТ-КУ):

Бейтап 12 ай бою эффективдүү дарылоо курсун алат, клиникалык-рентгенологиялык жакшыртууга жетишет жана 4 же андан көп терс какырык культуралары бар.

Данная публикация стала возможной благодаря помощи американского народа, оказанной через Агентство США по международному развитию (USAID). Красный Полумесяц Кыргызстана несет ответственность за содержание публикации, которое не обязательно отражает позицию USAID или Правительства США.

ЧЕЛОВЕЧКИ.webp
bottom of page